Бүгүн Кыргызстандын парламенти төрага шайлоо маселесин карайт. Күн тартибинде бул маселе биринчи болуп турат.
Азырынча профилдик комитеттен өткөн бир гана талапкер тууралуу кеп болууда. Ал - КСДП фракциясынын жана коалициялык көпчүлүктүн лидери Чыныбай Турсунбеков. Өткөн аптада анын талапкерлигин өз фракциясы көрсөткөн, “Ата-Мекен”, “Республика Ата-Журт” жана “Кыргызстан” колдоп чыккан.
“Бир Бол” өз талапкерин көрсөтпөй турган болду.
Ал эми “Өнүгүү-Прогресс” депутат Исхак Масалиевди сунуштап жатканы кечээ кечке маал белгилүү болду. Анын талапкерлиги жалпы жыйынга чыгышы үчүн Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент комитетинде талкуулануусу зарыл.
Айрым маалыматтарга караганда, аталган комитет добуш берүү башталганга чейин жыйынга чогулуп, “Өнүгүү-Прогресстин” сунушун талкуулайт.
13-апрелде Асылбек Жээнбеков агасы Сооронбай Жээнбеков премьерликке келгенине байланыштуу ЖК төрагасынын кызматын тапшырып бергенден бери бул орун бош турат.
20-апрелде көрсөтүлгөн "Кыргызстан" фракциясынын лидери Канат Исаев менен "Өнүгүү-Прогресстин" башчысы Бакыт Төрөбаевдин алган добуштары тең чыгып калып, жаңы талапкер алып чыгуу чечими кабыл алынган. (RK)