Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:25

Каримов: Ооган маселесин Орусия менен чогуу чечиш керек


Ооганстанда тынчтык орнотуу сүйлөшүүлөрүнө Орусия катышуусу керек деп билдирди өзбек президенти Ислам Каримов. Кечээ ал Москвада Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолукту.

- Орусиянын бул аймакта жөн гана кызыкчылыгы эмес, маанилүү кызыкчылыктары болгон жана болуп келатат, - деди 78 жаштагы өзбек лидери.

Каримов ошондой эле “ооган проблемасын Орусиясыз чечүүгө аракет жасоо эч ойлонулбаган жана шашылыш чечим" деп билдирди.

Ошол эле маалда ал Шанхай кызматташтык уюму Ооганстандагы саясий-аскердик тирешүүлөргө аралашпашы керек деп эсептейт.

Ооганстан, Пакистан, АКШ жана Кытай "Талибан" кыймылы менен Ооганстанда тынчтык сүйлөшүүсүн баштоого аракеттенген. Бирок азырынча эч майнап чыга элек. (RK)

XS
SM
MD
LG