Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:13

Дональд Трамп беш штаттагы праймеризде утуп чыкты


Дональд Трамп
Дональд Трамп

Миллиардер Дональд Трамп шейшемби күнү республикачылар партиясынын беш штатта өткөн алгачкы президенттик шайлоосунда жеңип чыкты. Бул жеңиш анын президенттикке өз партиясынан талапкерлигин бекемдеген мүмкүнчүлүк болуп калды.

Трамп ар бир штаттан 50 проценттен жогору добуш алып, сенатор Тед Круз жана Огайо губернатору Жон Кейсиктен ишенимдүү озуп чыкты.

Бул жеңиш ага партиянын съездинде тиешелүү 1237 добушту алат деген кепилдик бербейт, бирок анын талапкерлиги республикачылар арасында көбүрөөк колдоого ээ боло баштаганын айгинелейт.

Демократиялык партиядан Хиллари Клинтон беш штаттын үчөөндө утуп чыгып, лидерлигин көрсөтө алды. Ал эми Берни Сандерс, алдын ала эсептөөлөргө караганда, бир штатта колдоо тапты.

Добуштардын эсептөө уланууда.

Быйыл 8-ноябрда АКШ 58-президентин шайлайт. (RK)

XS
SM
MD
LG