Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:56

Нарын шаары республикалык спартакиадага камданууда


Нарын шаары мектеп окуучуларынын республикалык спартакиадасына камданууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Айнура Дүйшөк кызы билдирди.

Анын айтуусунда, 4-7-май күндөрү өтө турган спартакиадага жети облустан жана Бишкек, Ош шаарларынан 450дөй окуучу катышат. Мелдеш спорттун алты түрү боюнча өткөрүлөт: шахмат, улуттук күрөш, эркин күрөш, грек-рим күрөшү, стол үстүндө теннис жана ордо.

Иш-чара быйылкы Тарых жана маданият жылынын урматына, Кыргыз Республикасынын эгемендигинин 25 жылдыгына карата уюштурулууда. (MiK)

XS
SM
MD
LG