Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:22

UNICEF өткөн жылы Нарынга 3,6 млн сом бөлдү


Бириккен Улуттар Уюмунун эне жана баланы коргоо программасы (UNICEF) өткөн жылы Нарын облусуна 3,6 миллион сомдой каражат бөлдү. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыповдун уюмдун координатору Юкиэ Мокуо менен жолугушуусу учурунда белгилүү болду.

UNICEFтин долбоорлорунун негизинде өткөн жылы Жумгал районунун 24 мектебинде жабдуу жаңыланып, Нарын, Ак-Талаа райондорунун мектептерине таза суу киргизилди жана ички даараткана, кол жуучу жайлар ремонттон өттү.

Аталган уюм 1994-жылдан бери Кыргызстанда иш алып барууда.

Бүгүнкү күнгө чейин санитария жана гигиена багытында республика боюнча 90 мектепте иш аткарылса, анын 18и Нарын облусунда болду.(MiK)

XS
SM
MD
LG