Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Октябрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 18:21

Бишкекте Борбор Азиядагы чек ара коопсуздугу талкууланууда


Чек ара.

Бишкекте өтүп жаткан Борбор Азиядагы чек ара коопсуздугу боюнча эл аралык жыйынга Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Ооганстан, Орусия, Австрия, Латвия, Литва, Финляндиянын өкүлдөрү катышууда.

Мындай жыйын быйыл он экинчи жолу өтүүдө. Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, эки күндүк талкууда чөлкөмдөгү чек араларда коопсуздукту камсыздоо, көзөмөлдөө, көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган сунуштар ортого салынмакчы. Жыйында ортолук маселелерди чечүү үчүн аймактык кызматташтыкты жакшыртуу маселелери да талкууга алынмакчы. (NT)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG