Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:15

Масалиев: депутаттардын баарына бирдей мамиле жасайм


Исхак Масалиев жана Чыныбай Турсунбеков.
Исхак Масалиев жана Чыныбай Турсунбеков.

Жогорку Кеңештин төрагалыгына талапкер Исхак Масалиев эгерде спикер болуп шайланып калса, депутаттардын баарына бирдей мамиле жасарын, аларды фракцияларга карап бөлбөй турганын билдирди. Ал мындан тышкары өзүнүн спикерликке сунушталганы саясий оюн эместигин, коомдо парламенттин ишине карата айтылган сындар көп экенин, кемчиликтерди оңдоо багытында иш жүргүзүлүшү керектигин кошумчалады.

Бүгүн парламент спикерди шайлайт. Азыр сунушталган эки талапкер депутаттардын суроолоруна жооп берүүдө.

Бул кызматка “Өнүгүү-Прогресс” партиясынан Исхак Масалиев, КСДП, “Ата Мекен”, “Республика - Ата Журт”, “Кыргызстан” фракцияларынан Чыныбай Турсунбеков көрсөтүлгөн. (NT)

XS
SM
MD
LG