Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:06

Орусиянын аба күчтөрү Сирия оппозициясын кайра бутага ала баштады


Чабуулдардан кийин, Сириянын Алеппо шаарынын түндүгү, 26-апрель, 2016-жыл.
Чабуулдардан кийин, Сириянын Алеппо шаарынын түндүгү, 26-апрель, 2016-жыл.

Орусиянын аскерий учактары Сирия президенти Башар Асадга оппозиция саналган куралдуу козголоңчуларга кайрадан сокку ура баштады. Бул тууралуу АКШнын маалымат булактарына “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна каршы күрөшүп жаткан коалициядагы америкалык аскер башчылардын бири Питер Герстен кабарлаган.

-Биз Орусия күчтөрү Халабдан Пальмирага чейинки аймактарга чабуул жасаганына күбө болдук. Москва бул аймакта кайра чабуулдарды баштады,- дейт Герстен.

Foxnews телекомпаниясы Орусиянын бул кадамы Сирияда тынчтык орнотуу боюнча эл аралык келишимге каршы келерин маалымдады.

Өткөн жумада АКШ президенти Барак Обама Орусия мамлекет башчысы Владимир Путин менен телефондо сүйлөшүп, Сирия өкмөтү оппозицияга чабуул коюусун токтотушу керектигин, Москва Башар Асадга ушул жаатта басым көрсөтүүсү зарыл экендигин билдирген болчу.

XS
SM
MD
LG