Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:47

Турсунбеков: Масалиев спикер шайлоонун көркүн ачты


Исхак Масалиев менен Чыныбай Турсунбеков
Исхак Масалиев менен Чыныбай Турсунбеков

Жаңы шайланган парламент төрагасы Чыныбай Турсунбеков өзүнө ишеним көрсөткөнү үчүн депутаттарга, өзгөчө атаандашы “Өнүгүү-Прогресс” партиясы сунуштаган Исхак Масалиевге ыраазычылык билдирди. Ал өзүнө атаандаш катары чыгуу менен Масалиев бүгүнкү шайлоонун көркүн ачканын айтты. Шайлангандан кийин журналисттердин суроолоруна азыноолак жооп берип, калыс иштөө, жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн ачык спикер болуу убадасын берди. Уюлдук телефонунун номурун да өзгөртпөй турганына токтолуп, бүгүнкү шайлоону акыйкат өттү деп баалады.

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жалпы жыйынында социал-демократтардын лидери Чыныбай Турсунбеков спикер болуп шайланды. “Өнүгүү-Прогресс” партиясынан Исхак Масалиев ага атаандаш болгон.

Чыныбай Турсунбеков Жогорку Кеңешке 2010-жылы октябрдагы шайлоодо Алмазбек Атамбаевдин КСДПнын тизмеси менен келген. Ошондон бери парламентте социал-демократтарды жетектеп келүүдө. Бүгүн жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгында спикерлик кызматка отурду. (NT)

XS
SM
MD
LG