Испания королу Филип VI 26-июнда кайрадан парламенттик шайлоо өткөрүүнү сунуштады. Буга негиз кылып азыркы парламенттин коалициялык өкмөттү куроого алсыздык кылып жатканын атады.
Испанияда парламенттик шайлоо былтыр 20-декабрда өткөн. Андан бери мамлекетте саясий кризис өкүм сүрүп, коалициялык көпчүлүк колдогон министрлер кабинети куралбай келүүдө.