Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:59

Таластык тургун милициядан запкы көргөнүн айтып чыкты


Кара-Буура районундагы Ак-Жар айылынын тургуну Самат Баялиев жергиликтүү милиция кызматкерлеринин үстүнөн арыз менен прокуратурага кайрылды. Ал коңшусу менен уруша кеткенден кийин айылдык милиция кызматкерлери бир күн камакка алып, түнү менен сабап, "маңзат менен кармалды" деп күнөөнү моюнуна илүүнү көздөгөнүн билдирди.

Баялиев милиция кызматкерлери андан айылдагы колунда бар адамдын үйүнө бир килограмм маңзат таштап чыгууну талап кылышкан кошумчалады. УчурдаТалас облустук прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, иликтөө уланууда. Бирок милиция кызматкерлери тергөө бүткүчө жумуштан четтетилбей, иштеп жатканына жабырланган тарап нааразы болууда.

Талас облусунда укук коргоо органдарынын үстүнөн элдин дооматы соңку убакта көп байкалууда. Козучак айылынын тургуну Уулкан Дөөлөтбекова да күйөөсүнүн өлүмүнө күнөлөнгөн тартип сакчысы иштен кетпегенин билдирди.

Ал эми облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Максат Абдысейитов бул боюнча маалымат берүүдөн баш тартып, жарандардын арызы иликтенерин “Азаттыкка” кабарлады. (NT/SS)

XS
SM
MD
LG