Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:28

Ала-Бука: Сирияга кетчү үй-бүлөнүн абалын атайын комиссия териштирет


Махмудовдордун үйү.
Махмудовдордун үйү.

Кажар айылынын тургуну Махмудовдордун үй-бүлөсүн башка жакка көчүрүү тууралуу жергиликтүү элдин талабын бүгүн айылдык кеңештин депутаттары талкуулады. Анын жыйынтыгында бул маселени текшерүү боюнча комиссия түзүлдү. Бул тууралуу Кажар айылынын башчысы Атахан Даникулов “Азаттыкка” билдирди.

Өткөн аптада айылдыктар бул үй-бүлөнү көчүрүү маселесин козгошкон. Анда Махмудовдордун үй-бүлөсү айылдык келинди сабап, элге тынчтык бербей жатканы айтылган. Айылдыктар жыйында бул үй-бүлөнү көчүрүү тууралуу 156 адамдын колу коюлган кайрылуу кабыл алышып, аны жергиликтүү кеңешке тапшырган.

Махмудовдордун 22 жаштагы баласы 2014-жылы Сирияга кетип, ал жакта эл аралык террордук уюмдун катарында урушуп жүргөнүн коопсуздук кызматтары аныктаган. Былтыр майда уулун издөө үчүн 52 жаштагы Хайрулла Махмудов да Түркияга кеткен. Андан кийин 42 жаштагы аялы Мавлюда Шакирова эки кызы жана неберелери менен кетип бараткан жеринен Ош аэропортунан кармалган. Бирок ал ноябрда кайра эле Москва аркылуу Түркияга барып, бирок Сирияга өтө албай Кыргызстанга кайтарылган. (NT/RsK)

XS
SM
MD
LG