Бүгүн, 27-апрелде Ысык-Көл облусунун борбору Каракол шаарында быйылкы Тарых жана маданият жылына карата улуттар биримдигин даңазалаган, ынтымагын бекемдеген «Достук» фестивалы өттү.
Борбордук аянтта өткөн фестивалда Касым Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин ар бир факультетинин студенттери ар улуттун үрп-адатын, каада-салтын, маданиятын чагылдырышты.
Алгач улуттук кийимчен студенттер атайын жүрүштөн өтүштү. Ошондой эле улуттук буюмдардын көргөзмөсү уюштурулду.
Фестивалга өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери, Каракол шаарынын вице-мэринин милдетин аткаруучу Акылсайра Жумабекова жана Индия, Кытай, Жапония өлкөлөрүнөн коноктор катышты.(AsM)