Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:02

Бурсада жанкечтинин жардыруусунан ондон ашуун адам жарадар болду


Жардыруудан кийин 20дан ашуун адам ооруканага кулак тунуу жана баш оору менен кайрылган.
Жардыруудан кийин 20дан ашуун адам ооруканага кулак тунуу жана баш оору менен кайрылган.

Түркиянын Бурса шаарындагы Улуу мечиттин (Улужами) жанында аял жанкечти өзүн жардырып, 13 адам жарадар болду. Жардыруудан кийин 20дан ашуун адам ооруканага кулак тунуу жана баш оору менен кайрылган. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Мүеззиноглу маалымдады.

Жанкечти 25 жаш чамасында экени жана анын максаты мечитке зыярат кылууга келген туристтер болгону айтылууда. Полиция окуянын чоо-жайын иликтей баштады.

Окуя 27-апрель күнү жергиликтүү убакыт боюнча кечки беш жарымда болду. Улуу мечит Бурсанын борборунда жайгашып, ал жерде ар убак эл көп болот.

XS
SM
MD
LG