Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:42

Жол келишиминен чыкса Кыргызстан "Лонг Хайга" 2,5 млрд сом төлөшү керек болот


Эгер Кыргызстан Балыкчы – Корумду унаа жолун куруу боюнча кытайлык компания менен түзүлгөн келишимден чыга турган болсо аларга 2,5 миллиард сомдон ашык төлөп берүүгө милдеттүү болот. Бул тууралуу кечээ парламентте маалымат берип жатып транспорт жана байланыш министри Замирбек Айдаров билдирди:

- Келишимде банктык күндөр гана каралган. “Лонг Хай” компаниясы сатып алып, Кыргызстанга алып келген материалдарын, аткарган ишин эсептегенде эле ушуга чыгып жатат.

Ысык-Көлдөгү Балыкчы – Корумду унаа жолун оңдоо иштери былтыр ноябрда башталган. Алгачкы баасы 9,9 млрд сом деп бааланып, тендерге катышкан кытайлык "Лонг Хай" компаниясы аны 6,8 млрд сомго куруп берүүнү убада кылган жана утуп чыккан.

Шарт боюнча кыргыз тарап алдын ала 680 млн сом бөлүшү керек болсо өкмөт анын 180 млн сомун гана берген.

Быйыл 8-апрелде кытайлык компания өкмөттүк каржылоо толук болбой жатканына байланыштуу ишти токтоткон.

Аталган маселе буга чейинки өкмөттүн отставкасына таасир тийгизген. Тендерди текшерген депутаттык комиссия мыйзам бузуу болгон деп өкмөттү айыптап, бирок экс-премьер Темир Сариев бул айыптоо эч негизсиз экенин билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG