Кыргызстанда балдар интернаттарында тарбияланып жаткандардын 6% гана томолой жетим. Бул тууралуу Социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашты.
Министрликтин маалыматына караганда, учурда бул мекемелерде 8 миңден ашуун бала бар.
Алардын 6 734ү мамлекеттик интернаттарда, 1 531и жеке, диний жана муниципалдык жайларда жашайт.
Укук коргоочулар мамлекеттик балдар үйлөрү менен интернаттарды каржылоого бюджеттен өтө көп каражат бөлүнөрүн, бирок анын баары имаратты оңдоп-түзөөгө, тейлөөгө гана жумшалып, баланын өнүгүшүнө көңүл бурулбай жатканын айтып келатышат. (RK)