Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:59

Таласта адистер окуучуларга кургатылган сүт берүүгө каршы чыкты


Бишкекте өткөн балдар фестивалынан сүрөт
Бишкекте өткөн балдар фестивалынан сүрөт

Таласта мектеп окуучуларынын шашке тамагын уюштурууда кургатылган сүт азыктарын колдонууга жергиликтүү адистер каршы чыгууда. Кечээ облустук жыйында Талас аймагынын башкы санитары Жакыпбек Айдаров Frima сыяктуу кургатылган азыктарды дайыма кошуу туура эмес, себеби ал жаш балдардын ден соолугун бузат деп айтты. Экинчиден, "Таластын өзүнүн фермерлери өндүргөн сүт азыктарын колдонууга не жетсин" деди ал.

Облуста 105 мектеп бар. Айрымдарында шашке тамагы сүт кошулган чай, татуу нан түрүндө берилсе, кээ бир мектептерде ысык тамак берилет.

Өкмөттүн облустагы өкүлүнүн орун басары Азият Жаркыналиеванын айтуусунда, Талас районунда 1 мектептин, Бакай-Атада 2 мектептин ата-энелери балдарына мектептен тамак берилишинен баш тартканы тууралуу маалымат бар. (SS)

XS
SM
MD
LG