Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:32

Быйыл Кыргызстанда театрлардын миңдей гастролу өтөт


Кыргыз драма театры
Кыргыз драма театры

Быйыл Кыргызстанда мамлекеттик театрлардын миңден ашуун көчмө гастролу өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрилиги билдирди.

Учурда Касымалы Жантөшов атындагы Ысык-Көл облустук драма театры Бишкек шаарындагы гастролун улантууда. Театр борбордогу көрүүчүлөргө Жумабек Осмоновдун “Шабдалы гүлү” жана “Көрүстөн периштеси”, Григорий Гориндин “Геростраттын аты өчсүн” драмаларын тартуулап жатат.

Кыргыз академиялык улуттук драма театрынын жетекчиси Темирлан Сманбековдун маалымдашынча, бул маданий мекеме 15-майдан 22-майга чейин Талас облусун кыдырып оюн коет.

- Өткөндө Нарын театры Ысык-Көлгө келди. Талас театры болсо Ошко кетип жатат. Баткен театры да Ош, Жалал-Абад облустарына бармай болду, - дейт Сманбеков.

Долбоордун башкы максаты - эл менен театр байланышын бекемдөө, театрга чакыруу.

Маданият министрлигинин маалыматына караганда, республикадагы мамлекеттик театрлардын көчмө гастролдору ушул жылдын соңуна чейин жүрөт. (ZA)

XS
SM
MD
LG