Бишкек шаардык мэриясы быйыл борбордук көчөлөрдү, эстеликтердин тегерегин жаңы гүлдөр менен кооздоону чечти.
Шаар башкармалыгынан кабарлашкандай, бир жылдык жана көп жылдык гүлдөрдүн түрлөрү отургузулуп жатат.
Маселен, Курманжан датканын эстелигинин алдына 20 миң түп гүл тигилет.
Ошону менен катар тиешелүү муниципалдык кызматтар учурда фонтандарды жууп жатат. “Бишкексууканал” ишканасынын карамагында 17 фонтан бар. (RK)