Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:40

Жээнбеков: “Мегакомдун” сатылышы күмөндүү


Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков “Мегаком” деген аталыш менен көпчүлүккө белгилүү “Альфа-Телеком” жабык акционердик коому аукционго 11-майда коюларын парламент жыйынында билдирди. Анын айтымында, апрелге белгиленген аукцион болбой калды. Майда да инвесторлордун келиши күмөн жаратууда.

Жээнбеков мурдагы өкмөттүн акчасы жок эле жол курулушун баштап алганын сындады. Ошондой эле тендерде жеңүүчү делген кытайлык “Лонг-Хай” компаниясы менен келишим үзүлсө, Кыргызстан 2,5 миллиард сом төлөп берүүгө тийиш экенин, мындан тышкары иш сотко чейин жетсе, курулуш токтоп, элге кыйынчылык жараларын кошумчалады.

Буга чейин өкмөт “Мегакомду” сатуудан түшкөн каражатты жол курулушуна сарптоону чечкен. Анын аукциондогу баштапкы баасы 18-19 миллиард сомго бааланып, мунун 7 миллиарды “Балыкчы-Корумду” жолуна жумшалары максат кылынган. Жол боюнча тендерден утуп алган кытайлык “Лонг-Хай” компаниясы менен 6 миллиард 800 миллион сомго келишим түзүлүп, 10 пайызы алдын ала берилмей болгон. Бирок 180 миллион сом гана берилген. “Мегаком” сатылбай тургандыктан “Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду” автожолунун курулушу токтоп калды. (NT)

XS
SM
MD
LG