Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:01

Савченконун сиңдиси орус-украин чек арасында кармалды


Вера Савченко.
Вера Савченко.

Маалыматтарга караганда, Вера Савченкону Орусиянын чек арачылары ал чек арадан украин дипломаттарынын автоунаасы менен өтүп жатканда кармап, паспортун алып коюшкан.

Украин президенти Петро Порошенконун басма сөз кызматы билдиргендей,чек арачылар Савченкого ал федералдык издөө салынгандардын тизмесинде экенин айтышкан.

Расмий Киев кырдаалды териштирүү үчүн чек арага Украинанын Ростов-на-Дону шаарындагы башкы консулу Виталий Москаленкону жөнөттү.

Вера Савченконун эжеси, украиналык аскерий учкуч Надежда Савченко орусиялык эки журналисттин өлүмүнө тиешеси бар деген айып менен 22 жылга соттолгон, бирок ал күнөөсүн моюнуна алган эмес.

Надежда Савченконун сиңдиси чек арада кармалар алдында маалымат агенттиктери аны Украинага экстрадициялоо боюнча процедуралар башталганын кабарлашкан. (UE)

XS
SM
MD
LG