Кыргызстанда 30-апрелден 5-майга чейин туруксуз аба-ырайы сакталат. Мезгил-мезгили менен жаан, бийик тоолуу райондордо кар жаап, абанын температурасы өзгөрүлүп турат.
29-апрелде Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондорго кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден,17-22 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +9…+14, күндүз +20…+25;
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -2…+3, күндүз +16…+21;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +6…+11, күндүз +20…+25;
Баткен облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +22…+27;
Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +23…+28;
Ысык-Көлдө түнкүсүн +5…+10, күндүз +15…+20;
Нарын облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +15…+20;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…+5.
29-апрелде Бишкек шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 12…14°, күндүз 22…24 градуска чейин көтөрүлөт.