Башкы прокурор Жакып Асанов бүгүнкү билдирүүсүндө эскерткендей, “жерди менчиктештирүү жөнүндө жалган маалымат” таратуу кылмыш болуп саналат.
Асанов ошондой эле Казакстанда эми чет элдиктер да жерди жеке менчикке алышы мүмкүн деген маалыматтарды “жалган” деп атады.
Башкы прокурордун бүгүнкү эскертүүсү алдында кечээ Казакстандын Актөбө жана Семей шаарынын тургундары өкмөттү жерди 1-июлдан тарта аукцион аркылуу менчиктештирүү планына каршы демонстрацияга чыгышкан эле.
Ага чейин 24-апрелде Атырау шаарында да 1000дей адам жер сатылбасын деген талап менен нааразылык акциясын өткөрүшкөн.
Президент Нурсултан Назарбаев 26-апрелде жер сатылат деген чагымчыларды жазалоого көрсөтмө берип, Казакстанда чет элдиктер айыл чарба аянттарын келишимдин негизинде 10-25 жылкы мөөнөт менен ижарага гана алыша аларын ырастаган. (UE)