Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:12

Кризис мигранттарды мекенине кайтаруудабы?


Орусиядагы дүкөндөрдүн бири
Орусиядагы дүкөндөрдүн бири

Өткөн жылы орусиялыктардын кирешеси кескин азайды. Быйыл өлкөдө жакырлар катарына дагы 1,1 млн. киши кошулары болжолдонууда. Мунун зыяны Орусиядагы мигранттарга тийип, мекенине кайтканда көбөйүүдө. Эксперттер кризис төрт-беш жылга созуларын айтышууда.

"Каатчылык төрт-беш жылга уланат..."

Рубль куну кескин түшүп, эки жылдан бери көтөрүлө албай келет. Мунун залалы карапайым орусиялыктардын чөнтөгүн жукартып, мурда топтоп койгон каражатына кол салууга аргасыз кылды. Акыркы убактагы сурамжылоо, мониторингдер муну айкын көрсөтүүдө.

Бирок Орусиядагы “Жогорку экономика мектеби” улуттук изилдөө университетинин эксперти Николай Кондрашов өз анализдерине таянып, абал статистикадан да кыйла оор дейт:

- Рубль алсырап, баалар өсүп жатканынан улам элдин кирешеси кыскарды. Реалдуу эсепте киреше 2015-жылы 10% жакын түштү. Абал Росстат, МВФ жана башка уюмдардын эсебинен да жаманыраак. Азык-түлүккө баа башка товарлар менен кызмат көрсөтүүлөргө караганда өстү. Өткөн жылдын октябрынан быйылкы мартка чейин эле азык-түлүк баасы 5,7% көтөрүлдү. Ал эми башка керектүү товарлар 4,4% кымбаттады.

Бул арада Росстат өлкөдө айлыкты кечиктирген ишканалар айдан айга артып баратканын эсептеп, ишканалардын жумушчуларга карызы апрелде 4,5 миллиард рублга чаап барганын жарыялады.

Мигранттар, Москва
Мигранттар, Москва

Орусиянын мурдагы экономика министри Андрей Нечаев азырынча айлыктардын кармалышы сезилерлик чекте дегенден алыс. Жумушсуздук деңгээли да төмөн:

- Бирок бул узакка ушундай болуп турбайт. Азырынча ишканалар жумушчу орундарын кыскарта элек. Биринчиден, бийлик муну көзөмөлдөп турат. Дагы бир себеби, кийин табылышы кыйын болгон жумушчуларды жоготуп албоо. Анын ордуна түрдүү жолдор менен айлыктарын азайтууда. Толук эмес жумушчу күндөр, жумалар, акы төлөнбөгөн өргүүлөр менен. Башкача айтканда, жасалма түрдө жумуштуулук камсыздалууда. Бирок айлык акылар төмөндөп жатат.

Орусиялык экономисттер көйгөй чынжырдай бири-бирине байланганын белгилешет. Акыркы эсептер көрсөткөндөй, рубль кунунун 60% жакыны мунай баасынан көз каранды. Рублдин түшүшү элдин сатып алуу жөндөмүн азайтып, бул жеке сектордун соодасын кыскартты. Эмгек мигранттарынын басымдуусу дал ушул жеке сектордо иштерин эске алганда каатчылык аларга түз тийип жатканы билинет.

Орусиялык ФБК компаниясынын стратегиялык анализ институтунун директору Игорь Николаевдин эсебинде, мунай экспорту орус бюджетинин 40% жакынын толтурат. Анын баасы сырткы күчтөрдөн көз каранды экени белгилүү. Батыш санкцияларын жакын арада албай турганын ачык айтты. Атургай баалуу кагаздар аркылуу Орусиянын Европа банктарынан 3 миллиард доллар алуу ниети санкцияларга тикелей тийиштүү болбосо да четке кагылды.

Буга карабай орус бийлиги "кризистин түбүнө жеттик, эми оңолуп баштайбыз" деп өткөн жылдан бери эле жубатып келатат. Президент Владимир Путин кырдаалдан эки жылда чыгабыз деп былтыр жыл башында айткан эле. Бирок муну менен стратегиялык анализ институтунун эсеби шайкеш келбей жатат:

- Абал чынында олуттуу. Аны экономикадагы ылдыйлоо темпи менен эмес, мунун баары качан токтойт деп баалоо керек. Бул 2016-жыл менен эле токтолбойт. Чынында узакка созулчу кыйынчылыкта жашап жатканыбызды моюнга алуу керек. Бул убактылуу эмес, циклдүү, структуралык мүнөздөгү кризис. Башкача айтканда, экономикада шайкеш келбеген, диспропорциялык көрүнүштөр жыйыла берген. Аларды оңдоп-түзөгөнгө убакыт керек. Анын үстүнө муну мунайдын арзандыгы жана санкция деген жакын арада тыйылбай турган сырткы басым ого бетер күчөттү. Бул жакын арада аягына чыкпайт. Биздин баамыбызда төрт-беш жыл убакыт кетет. Анда да структуралык реформалар жүрсө гана. Биз аны кантип жүргүзөбүз деген маселе менен эле баш катырып атабыз, - дейт Игорь Николаев.

Структуралык реформа дегенди "Жогорку экономикалык мектептин" эксперти Николай Кондрашов мындайча чечмелейт:

- Көйгөй Орусия сырткы базарда суроо-талап жараткан товар өндүрө албай жатканында. Ооба, мунай казып, чийки экспорттоп атабыз. Ал эми чийки эмес экспорт биз үчүн көйгөй болуп келген. Азыр акчабыздын куну эки эседен ашык түшкөнүнө карабай ал экспортубуз өскөн жок. Үлүшү аз бойдон калды. Бул Орусиядагы тармактык көйгөйлөрдөн кабар берүүдө. Ал эми андай реформаны эч ким жүргүзбөй жатат.

"...Күнүмдүк жашоо үчүн эле иштеп атабыз..."

150 миллионго чамалуу калкы бар Орусияда 10 миллионго жакын мигрант эмгектенет. Анын ичинде кыргызстандыктар миллиондун тегерегинде.

Акыркы убактарда курулуш тармактарында иштеген борборазиялык мигранттар айлык айлап кармалганы үчүн иш таштаган да учурлар болду. Төрт жылдан бери Москвада иштеген кыргызстандык журналист Сайрагүл Полотова эң зарыл деген товарлардын баасы күн санап өсүп, тапкан акча көбүнесе азык-түлүк алууга эле кетип жатканын айтууда:

Москвадагы тамак-аш саткан дүкөн
Москвадагы тамак-аш саткан дүкөн

- Үч-төрт күндө тамак-аш алып турам. Картошканы "Ашан" деген чоң соода борборунан 8,5 рублден алчу элем, кечээ барсам 9 рубль болуптур. Башка макарон, күрүч, сабиз-пиязга баа өсүп атат. Балдардын тамак-аштары да 1,5-2 рублга кымбаттады. Балама йогуртту 20 рублден алчу элем, кечээ 22ге чыкты. Мурдагы баалар көтөрүлгөнүнө деле көп болгон эмес.

Москвадагы кафелердин биринде ашпозчу Тариел айлык эки айдан бери тие элегин, мурда топтогон акчасына гана үнөмдөп жансактап атканын жашырган жок:

- Түнкү нөөмөттө иштейм. Айлыкты эмнеге бербей атканы так белгисиз. Кафедеги он чакты адам айлык ала элегибизге беш күндөн кийин эки ай болот. Улам эртең-бүрсүгүнү деп эле атышат. Эми беришер. Мурда убагында эле алчу элек. Жаңы жылдан кийин иш болбой калды..

Айлык азайган, берилбей кармалган окуялар Сайрагүл үчүн жаңылык болбой калган:

- Күнүмдүк жашоо үчүн жашап калышты. Менин үйүмдөгү эки квартирантым акы төлөй албай көчүп кетишти. Дос-тааныш, туугандарымда деле ушул көйгөй. Курулушчулар, кеңселерди жууп-тазалоочулар, официант, ашпозчулар жумуштан кыскартылууда. Кыргыздар көбүнчө пиццада, суши жасап, жапон ашканаларында иштешчү. Алар да иштен кетирилип атат.

Сайрагүл айрым жерлерде славян түспөлүндөгүлөрдү гана жумушка талап кылып жатышканын кошумчалады. Ошол эле учурларда узакка созулган кризистен аргасыз мекенине кайткандар да жок эмес.

Орус жарандарынын орточо айлыгы эмгек мигранттарыныкынан кыйла жогору. Жарандар 20-25 миңдик айлыгы бар жумуштарга барышы кыйын, ошондуктан бул орундардагы чет өлкөлүктөр кыскарбайт дейт Орусиянын мурдагы экономика министри Андрей Нечаев:

- Алар орусиялыктар ошол айлыкка барбаган орундарда иштейт. Ал жерде жумуш табыла берет. Башка маселе, рублдин аябай түшүп кеткени таасир берип, өз жеринде жакшы акча болбой калган үчүн көп мигранттар кетип калышты. Акыркы убактарда Тажикстандан, Өзбекстандан мигранттар жапырт кетип атышат...

Деген менен иштен иш издөөчүлөр көп болуп, эмгек базарында атаандашуу күчүндө. Муну карапайым мигранттардан тарта орусиялык эксперттер да эске салышат.

Тажикстан: кайткандар көп, бюджет толбой калды..

Орусиядагы тажикстандык мигранттар расмий статистикада 1,3 млн. Бейрасмий эсепте андан кыйла көп. Учурда анын жарым миллиону мекенине кайтканын тажикстандык журналист Мирзо Салимпур айтып берди. Кайткандардын 300 миңден ашууну "кара тизмедегилер" болсо, калганы иштен айрылгандар дейт ал:

Тажик мигранттары
Тажик мигранттары

- Тажикстан мигранттардын акчасынан эң көз каранды болгон дүйнөдөгү мамлекеттердин бири. Ийгиликтүү кезде жылына 4 миллиард доллар салышчу. Бул өлкөнүн ички дүң жыйымынын жарымы. Бирок өткөн жылкы кризистин улам болгону 1,2 миллиард доллар гана которулган. Мунун айынан Тажикстанда соода солгундап, натыйжада быйылкы жылдын биринчи кварталында өлкөнүн бюджети аткарылбай калды. Бажы, салык планы толгон жок. Эки үч күн мурда каржы министрлигибиз Орусиядагы экономикалык кризистин Тажикстанга тийгизген таасирин талдаган баяндама жасады. Анда эгер орус экономикасы 1% төмөндөсө, тажик экономикасы ошонун таасиринде 0,8% түшөрү айтылат. Бул Орусиянын абалынан канчалык көз каранды экенибизди көрсөтүүдө.

Орусиядагы каатчылык кыргызстандыктардын да капчыгын катуу жукартып, эмгек мигранттарынын эсебинен кыймылдап турган эл турмушу кыйындады. Акча которуулардын сээлдешинен акыркы убактарда өлкөдө курулуш, соода өңдүү ири тармактар алсырады.

XS
SM
MD
LG