Бийликтеги “Адилеттүүлүк жана өнүгүү” же АК партиянын сунушун бүгүн парламенттин комитети карай баштады.
Байкоочулардын баамында, бул кадам күрттөрдүн таламын талашкан депутаттарды терроризм боюнча айыптап, кылмыш жоопкерчилигине тартууга жол ачышы мүмкүн.
Депутаттарды кылмыш жоопкерчилигинен коргогон иммунитеттен ажыратуу Түркиянын Конституциясына өзгөртүү киргизүүнү талап кылат.
Бул маселе президент Режеп Тайып Эрдоган күрттөрдүн таламын талашкан Элдик-демократиялык партияны күрт козголоңчулардын тыюу салынган топторунун куралы болуп жатат деп айыптагандан кийин көтөрүлгөн.
Эрдоган аталган партиянын лидерлерин кылмыш жоопкерчилигине тартууну көздөөдө.
Кечээ Түркия парламентинде бийликтеги АК партиянын депутаты күрттөрдүн таламын талашкан партиянын өкүлүнө келип, “террорчу”, “террорчу” деп кыйкырганда мушташ да чыгып кетти.
Былтыр июлда түрк өкмөтү менен Күрт жумушчу партиясы-ПККнын ортосунда ок атышууну токтотуу келишими бузулгандан кийин Түркиянын күрттөр жашаган түштүк-чыгышында кан төгүү менен коштолгон кыянатчылыктар күчөгөн. (UE)