Акцияны Нарын шаарындагы “Биздин тилек” коомдук жаштар фонду уюштурган. Аталган фонддун жетекчиси Талант Ниязбеков “Азаттыкка” билдиргендей, акцияга жергиликтүү тургундар үйүндөгү ашыкча буюмдарын алып келишти.
Мындай иш-чара Нарында биринчи жолу уюштурулду. Ага 200дөй киши катышты. Эми чогулган кийим-кече, тиричилик буюмдары жана китептер облустун аймагындагы муктаж адамдарга таркатылат. (MiK)