Башкы прокуратура, УКМК, Ички иштер министрлиги жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү кирген мекемелер аралык тергөө тобу «Кумтөр Голд Компани» ишканасындагы каржылык мыйзам бузууларды иликтөөгө киришти. Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлагандай, компаниянын Бишкектеги башкы кеңсесинде тинтүү жүргүзүлдү. Муну менен компаниянын акча каражаттары менен активдерин мыйзамсыз чыгарып кетүү боюнча козголгон кылмыш ишине далил маалыматтарды алуу аракети көрүлүп жатат. Бул боюнча жакын арада ишкананын жетекчилери жана кызматкерлер менен тергөө уланары кабарланды.(NT)