Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:07

Бишкек-138: Курант саатка улуттук колорит берилди


Бишкек
Бишкек

Бишкектин негизги атрибуттарынын бири болгон курант сааттан бүгүнтөн тарта ар бир саат сайын комуздун фонунда ойнотулган ооз комуздун ыргактары угулуп турмакчы.

Саат 12:00дө ал жерде (Абдрахманов менен Чуй көчөлөрүнүн кесилиши) мэр Албек Ибраимов жана шаар активи катышкан чакан салтанаттуу иш-чара өтөт. Кыргызстандын мамлекеттик гимни ойнотулуп, куттуктоо сөздөр айтылат.

Ошентип, мындан ары таңкы 8ден кечки 9га чейин улам жаңы саат башталып жатканын шаардыктар кыргыздын улуттук аспаптарынын ойнотулушунан биле алат.

Бул долбоорду шаар башкармалыгы “Кыргызтелеком” жана “Биринчи радио” менен бирге ишке ашырды. (RK)

XS
SM
MD
LG