Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:02

Турак жайды камсыздандыруу боюнча 800дөй келишимге кол коюлду


Бишкектеги турак жай.
Бишкектеги турак жай.

Кыргызстанда Мамлекеттик камсыздандыруу мекемеси ачылгандан бери 792 турак жай боюнча келишимдерге кол коюлду. Бул тууралуу уюмдун жетекчиси Бакыт Жумашев билдирди.

Анын айтымында, милдеттүү камсыздандырууга кирген бул турак жайлардын 363ү шаарда, 385и айыл жергесинде жайгашкан. Жогору активдүүлүк Бишкек шаарында жана Нарын облусунда байкалууда.

Белгилүү болгондой, быйыл 11-февралдан тарта Кыргызстанда турак жайды милдеттүү камсыздандыруу системасы ишке кирди. Шаар тургундары бир жылга 1200, ал эми айылдыктар 600 сомдон төлөшү керек.

Эгер жер титирөө, өрт сыяктуу кырсыктар чыкса, шаар үчүн 1 миллион, айылдагы үйлөргө 500 миң сом төлөнүп берилет.

Бирок учурда бул системанын ишке киргизилишин бир аз токтото туруу сунушу айтылууда. Маселен, Жогорку Кеӊеште “Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктан милдеттүү камсыздандыруу” тууралуу мыйзамды өзгөртүү боюнча долбоор каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Демилгечи депутаттардын айтымында, акыркы жарым жылда өлкөдө экономикалык кырдаал кескин начарлады. Мындай шартта жарандардын, өзгөчө жакыр бүлөлөрдүн чыгымы көбөйүп, алардын материалдык абалына терс таасир болушу ыктымал.

Ошондон улам турак жай боюнча мыйзамдын ишке киришин 2017-жылдын 1-январына жылдыруу сунушталууда. (RK)

XS
SM
MD
LG