Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:11

ЕАЭБ ичиндеги соода-экономикалык алака талкууланат


Кыргыз-казак чек арасы
Кыргыз-казак чек арасы

Бүгүн Бишкекте кыргызстандык товар өндүрүүчүлөрдүн Евразия экономикалык биримдигинин ичиндеги соода-сатыкка аралашуусу талкууланат. Экономика министрлигинен кабарлашкандай, Евразиялык ишкерлер кеңешинин жетекчилиги Кыргызстандын экологиялык жактан таза айыл чарба продукциясын өндүргөн ишканалары менен жолугушуп, товарды экспортко чыгаруу, ассортиментин көбөйтүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу сөз болот.

Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун адистери насыя алуунун жолдору жөнүндө маалымат берет.

Курамына Армения, Беларус, Казакстан жана Орусия кирген Евразия экономикалык биримдигине Кыргызстан былтыр жайында кошулган.

Уюмдун ичиндеги мамлекеттер ортосунда бажы көзөмөлү жок. Бирок жаңы ачылган бул ири рынокко чыгуу үчүн кыргызстандык товар өндүрүүчүлөрдүн, негизинен сүт жана эт азыктарын чыгарган ишканалардын продукциясы ЕАЭБ шарттарына ылайык келген лабораториялык сертификациядан өтүшү керек.

Азырынча мындай лаборатория Кырызстанда жок. (RK)

XS
SM
MD
LG