Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Сентябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:52

Өзбекстан менен Казакстандагы кыргыз элчилери кызматтан бошотулду

Эмил Узакбаев Кыргызстандын Өзбекстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиcи кызматынан бошотулду. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, тиешелүү жарлыкка бүгүн мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кол койду. Эмил Узакбаев Ташкендеги Кыргызстандын расмий өкүлчүлүгүн 2012-жылдын апрелинен бери жетектеп келген. Президенттин дагы бир жарлыгы менен Эсенгул Өмүралиев да Казакстандагы элчи кызматынан бошоду. (NT)

XS
SM
MD
LG