Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:19

Бишкекте үч аял киши колдуу болду


29-апрелге караган түнү Бишкектин Төрөкул Айтматов көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде кырк бир жаштагы аял, анын жыйырма жетидеги сиңдиси жана он тогуздагы кызы мыкаачылык менен бычакталып өлтүрүлдү.

Шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Олжобай Казабаев “Азаттыкка” билдиргендей, бул кылмышка шектүү делген Нарын облусунун Ак-Талаа районунун 34 жаштагы тургуну изи сууй электе мас абалында кармалды. Анын жанынан канга боёлгон бычак табылган. Иликтөөнүн жүрүшүндө маркумдар Жалал-Абад облусунун Аксы районунун тургундары экени, Бишкекте убактылуу батирде жашап жүргөнү аныкталды. Азыр кылмышка эмне себеп болгону белгисиз. Соттук-медициналык жана биологиялык экспертизалар дайындалып, иликтөө уланууда.(NT)

XS
SM
MD
LG