Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Январь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:02

БУУ өкүлү Сириядагы кырдаалды “чектен чыккан апаат” деп атады


Алепподогу бомбалоодон кийин, 28-апрель, 2016-жыл.
Алепподогу бомбалоодон кийин, 28-апрель, 2016-жыл.

Бириккен Улуттар уюмунун Сириядагы жумушчу тобунун башчысы Ян Егланд акыркы суткадагы кырдаалды “апааттын жеткен чеги” деп сыпаттады.

Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясынын маалыматына ылайык, 28-апрелде Алеппо шаарындагы бомбалоодон 61 адам мерт кетти. Бул калаада президент Башар Асаддын күчтөрү менен козголоңчулар ортосунда кагылышуу 22-апрелден тарта күчөп кетти. Андан бери 150 чамалуу адам набыт болушту.

Айрым маалымат булактары Башар Асаддын армиясын Орусиянын аскерий учактары колдоп жатканын кабарлоодо. 

 

XS
SM
MD
LG