Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:29

Керри согушкерлердин аракети солгундап баратканын билдирди


АКШ мамкатчысы Жон Керри Жакынкы Чыгыш лидерлеринин жаңы мууну “Ислам мамлекети” жана “Ал-Каида” экстремисттик топтору менен күрөштү бекемдөө үчүн бардык чараларды көрүп, чөлкөмдөгү саясий жана экономикалык абалды өзгөртөт деп билдирди.

Alhurra телеканалына берген маегинде Жон Керри Жакынкы Чыгыштын, өзгөчө Сауд Арабиянын лидерлеринин турумдары бекем экенин айтты. Ошондой эле Иракта саясий өзгөрүүлөрдү ишке ашырууга чакырды. Керри Сауд Арабиянын, анын ичинде ханзааданын орун басары Мухаммед бин Салмандын аймактагы салмагы басымдуу болуп баратканын белгиледи.

"Биздин тарапташтар өтө көп иштерди жасап жатышт. “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмуна каршы күрөшүүгө 66 өлкө катышууда. Бирок Жакынкы Чыгыш мамлекеттери өзгөчө жигердүүлүгүн көрсөтүшүүдө. Биз “Ислам мамлекети” террордук тобунун каржылык колдоосуна бөгөт коюу багытында иш алып барып жатабыз. Жаштарды радикалдашуудан сактап калуу үчүн күрөшүүдөбүз",-деди Керри.

Ошондой эле террордук топторго каршы түзүлгөн коалицияга кирген өлкөлөрдүн аэропортторунда, бажы өткөрмө бекеттеринде көзөмөл күчөтүлүп, виза берүү татаалдашканын ошумчалады.

Соңку маалыматтарга караганда, аталган террордук уюмдун көптөгөн лидерлери тындым болуп, согушкерлердин активдүүлүгү кыйла азайды.

XS
SM
MD
LG