Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:02

Францияда эки жүздөн ашык киши камалды


Париждеги башаламандык
Париждеги башаламандык

Парижде 29-апрель күнү кечинде башаламандык болуп, 200дөн ашык киши камакка алынды. Бейшемби күнү француз баш калаасында Эмгек кодексине жасалган өзгөрүүлөргө каршы миңдеген адамдар көчөгө чыгышкан.

Париждин чок ортосунда демонстранттар менен полициянын кагылышуусу болду. Полиция көздөн жаш агызуучу газ менен митингчилерди аткылады. Мындай кагылышуулар өлкөнүн башка шаарларында да катталды.

Кесиптик кошуундар менен солчул күчтөр бийликтин март айынын соңунан тарта Эмгек кодексине киргизген мыйзамына каршы чыгышууда. Ал арада Парижде 2015-жылдын 13-ноябрындагы теракттардан берки өзгөчө кырдаал дале уланууда. (BCh)

XS
SM
MD
LG