Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:56

Токон Мамытов премьер-министрдин кеңешчиси болуп дайындалды


Токон Мамытов
Токон Мамытов

Мындан тышкары ал Кыргызстан Эл ассамблеясынын жетекчисинин милдетин аткармай болду.

Мамытовдун “Азаттыкка” билдиришинче, мындай чечим бүгүн Бишкекте болуп жаткан Кыргызстан Эл ассамблеясынын VIII курултайында кабыл алынды. Буга чейин ассамблеяны Бектемир Мурзубраимов жетектеп келген.

Генерал-лейтенант Токон Мамытов Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Коопсуздук жана коргоо боюнча вице-премьер министри, Чек ара кызматынын төрагасы, өкмөттүн Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү, “Кыргызалтын” ишканасынын жетекчиси кызматтарын аркалаган.

Былтыр апрель айында ал “Кыргыз алтын” ишканасынын жетекчилигинен Кумтөр маселеси боюнча ошол кездеги премьер-министр Жоомарт Оторбаев менен позициясы дал келбей калганынан улам өз арызы менен кеткен. (AzK)

XS
SM
MD
LG