Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:04

Коргоо кеңешинде Жаза аткаруу системасындагы көйгөй алгачкы ирет талкууланды


Түрмө, Бишкек
Түрмө, Бишкек

Бул туурасында Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров билдирди. Ал бүгүнкү кеңештин жыйынында түрмөлөрдөгү абалды комплекстүү чечүү боюнча чечим кабыл алынып, конкреттүү тапшырмалар берилгенин айтты. Анын ичине абакта жаткандарды өзүнчө кармоо, өндүрүштү жандандыруу, иш менен камсыз кылуу, адаптация маселелери камтылган.

Былтыр 12-октябрда Чүй облусунун Төмөнкү Нооруз айылында жайгашкан №50 түрмөдөн тогуз киши үч кызматкерди өлтүрүп качып чыккан. Алардын бешөө дароо кармалып, кийинчерээк абакта каза тапса, үчөө качып кетип бир нече күндөн кийин кармоо операциясы учурунда өлтүрүлгөн. Бирөө бутуна ок тийип кармалган. Бул окуя Жаза аткаруу системасындагы көйгөйлөр канчалык тереңдеп кеткенин ачыкка чыгарган эле. (AzK/EBM)

XS
SM
MD
LG