Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:28

Жалал-Абад: "Азаттыктын" кабарчысы журналисттер союзунун төрагасы болду


Руслан Калматов
Руслан Калматов

"Азаттык" радиосунун Жалал-Абаддагы кабарчысы Руслан Калматов облустук журналисттер союзунун төрагасы болуп шайланды.

Мындай чечим бүгүн облуста өткөн жалпы журналисттердин жыйынында кабыл алынды. Буга чейин 2012-жылы шайланган төрага Сагын Эшме аткарган иштери боюнча маалыматын берип, өз каалоосу менен кызматын тапшырып берди. Жыйынтыгында жаңы төрагага эки талапкер, ЖТРКнын директору Куттумидин Базаркулов жана Руслан Калматов көрсөтүлүп, жыйынтыгында 50гө чукул журналисттердин көпчүлүк добушу менен Калматов төрага болуп шайланды.

Жалал-Абадда үч телеканал, беш облустук гезит, эки маалымат борбору жана республикалык ММКлардын өкүлчүлүктөрү иштейт.

XS
SM
MD
LG