Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:49

"Дордойдо" жаандан улам 100гө чукул контейнерди суу каптады


"Дордой"
"Дордой"

Бул тууралуу “Азаттыкка” "Дордой" базарындагы "Оберон" соода жайында иштеген Нуриля Ибраимова билдирди. Анын айтымында, 29-апрелде түндө жааган жаандан кийин базардагы 10 соода катарын суу каптап, ал контейнерлердин ичине чейин кирип, товарларды жараксыз абалга алып келген. Жалпысынан 100гө чукул контейнер ээлери жаандан зыян тартканы айтылууда. Мындан улам алар кечээтен бери ишке чыккан эмес.

Соодагерлер "Дордой" базарынын администрациясына кайрылган менен азырынча алардан эч кандай жооп боло элек.

Кыргызстандын айрым жерлеринде, анын ичинде Бишкек шаарында апрель айынын акыркы күндөрүндө нөшөрлөгөн жамгыр жааган. (AzK/Aia)

XS
SM
MD
LG