Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:43

Колумбия жана Перунун циркинен куткарылган жолборстор Түштүк Африкага жеткирилди


Animal Defence International жапайы жаныбарларды коргоо уюмунун билдиришинче, 30дан ашык жолборс Колумбия менен Перунун цирктеринде мыйзамсыз кармалып турган. Колумбияда жапайы жаныбарларды оюн-зооктор үчүн пайдаланууга 2013-жылдан тарта, Перуда 2011-жылдан тарта тыюу салынган. Активисттер сүйлөшүү жүргүзгөн цирктердин көпчүлүгү жолборсторду өз ыктыярлары менен беришкен. Сүйлөшүүдөн баш тарткандарды полициянын күчү менен көндүрүшкөн. Учак менен Түштүк Африкага жеткирилген жаныбарлар эми атайы беш миң гектар аянттагы корукка жайгаштырылат. Активисттердин айтымында, булар табигый жаратылышта өз алдынча жашап кете алышпайт. Анткени алардын көпчүлүгүнүн тиштери жана тырмактары жулунган.

ADI уюмунун өкүлү жолборстордун куткарылышын маанилүү миссия деп атап, бул аракет жаныбарларга карата жасалып жаткан туура эмес мамилеге карата коомчулуктун көңүлүн бурууга түрткү болоорун билдирди. (AzK)

XS
SM
MD
LG