Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:41

Ирактын премьери Багдадда кырдаал көзөмөлдө экенин билдирүүдө


Шииттердин лидери Муктад ас-Садрды ээрчигендер
Шииттердин лидери Муктад ас-Садрды ээрчигендер

Премьер-министр Хайдер Абади нааразылык акциясына чыккандарды митинг өткөрүүгө мүмкүндүк берилген аймактарга кайтууга жана тынч митинг өткөрүүгө чакырды. Ал митингчилерди жеке менчикке жана Ирактын бардык жарандарына тийиштүү болгон мамлекеттик мекемелерге зыян келтирүүдөн оолак болууга үндөөдө. Ал буга чейин митингчилер ээлеп алган парламент имаратын бошотууга чакырган билдирүү тараткан эле.

Маалымат агенттиктеринин билдиришинче, шииттердин лидери Муктад ас-Садрды ээрчигендер парламенттен алыс эмес жердеги алачык лагерине кайтышты.

Нааразылык акциялары парламент Муктад-ас-Садр сунуштаган кадрларды өкмөткө беките албай койгондуктан чыккан.

Жыйынтын соңунда бул маселени кароо 3-майга жылдырылган. Себеби парламент беш жаңы министрди бекитүү үчүн кворум чогулта албай койгон.

Аптанын шейшемби күнү алты министр дайындалган. Бирок өкмөттүн толук курамы бир нече аптадан бери бекитилбей келе жатат. (AzK)

XS
SM
MD
LG