Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:35

Чукул билдирүү: катуу жаан жаайт


Жаан жаап жаткан учур, үйдүн ичинен тартылган сүрөт
Жаан жаап жаткан учур, үйдүн ичинен тартылган сүрөт

Синоптиктердин билдиришинче, Кыргызстанда 6-майга чейин аба ырайы туруксуз болуп, мезгил-мезгили менен жаан жаайт, тоолуу аймактарда кар түшөт.

2-3-май күндөрү айрым аймактарда жаан катуу жаап, шамалдын ылдамдыгы секундуна 17-22 метрге чейин жетет. Бул күндөрү Кыргызстанда сел жүрүү коркунучу жогорулайт.

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги да соңку кездери жер титирөөнүн кайталанышы жана жаандын көп жаашы сел жана жер көчкү түшүү коркунучун күчөтүп жатканын эскертип, кооптуу жайлардан жарандарды көчүрүү аракетин өз убагында жүргүзүү зарылдыгын белгилеген. (AzK)


XS
SM
MD
LG