Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:46

Казакстанда жер сатууга каршы митингдер өттү


Жер сатууга нааразылар менен полиция кызматкерлери, Кызыл-Ордо, 1-май, 2016-жыл.
Жер сатууга нааразылар менен полиция кызматкерлери, Кызыл-Ордо, 1-май, 2016-жыл.

Күндүзгү саат 11лерде Казакстандын Жаңы-Өзөн шаарынын борбордук аянтына чогулган эл жердин сатылышына жана чет элдиктерге узак мөөнөткө ижарага берилишине каршы чыгышты. "Азаттыктын" казак кызматынын маалыматына караганда, чогулгандарга шаардын акими, прокурору жана полиция кызматкерлери келип, жер сатылбай турганын айткан. Мындан тышкары чогулгандар эртең менен аянтта кармалган бир нече жаранды бошотууну талап кылышкан. Алар кое берилип, шаар бийлиги бүгүнкү митинг уруксаты жок өткөрүлүп жатканын белгилеген. Чогулгандардын 21-майда мыйзамдуу түрдө акцияга чыгуу сунушуна аким кат менен кайрылуу зарылдыгын билдирген.

Социалдык тармактарда бүгүн Кызыл-Ордодо да жер сатууга каршы нааразылык акциясы болуп, полиция менен митингчилер кагылышканы айтылууда.

Казакстанда былтыр күздө Жер кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, быйыл июлдан тарта айыл чарба жерлерин өлкө жарандарына аукцион аркылуу жеке менчикке сатуу жана чет элдиктерге 25 жылга чейин ижарага берүү тартиби күчүнө кирет.

Жер сатууга жана ижарага берүүгө каршы митингдер Казакстандын ар кайсы аймактарында 24-апрелден бери болуп келе жатат. Президент Нурсултан Назарбаев жер маселесин чагымчылдар көтөрүп жатканын билдирүүдө. (AzK)

XS
SM
MD
LG