Кыргызстандын Сейсмология институту кабарлагандай, жер титирөө 1-майда түнкү саат 11лер чамасында катталды.
Анын очогу Алай районунун Нура айылынан түштүк-чыгышты көздөй 5 километр алыстыкта жайгашкан. Силкинүү очогунда жана Нурада 3 баллга сезилди. Жабыр тарткандар жана кыйроолор жок.
Нура айылы Кыргызстандагы сейсмикалык активдүү аймактардын катарына кирет. Маал-маалы менен 2 баллдан жогору жер титирөөлөр болуп турат. 2008-жылы 5-октябрда бул жерде күчү 8 баллга жеткен зилзаладан 75 киши каза тапкан. (NT)