Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:03

“Кумтөр Голд Компанинин” иши боюнча аудит жүргүзүлөт


Кумтөр
Кумтөр

“Кумтөр Голд Компани” жабык ишканасынын бардык эсеп-кысаптары жана иш кагаздары боюнча аудит жүргүзүлөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” Башкы прокуратурадагы ишенимдүү булактар билдирди. Маалыматка ылайык, компаниянын активдик каражаттарын мыйзамсыз сыртка чыгарууга байланыштуу тергөө тобу иштеп жатат жана тергөөгө керектүү материалдар толугу менен алынып бүтө элек. Алар алынып бүткөндөн кийин компаниянын иши боюнча аудит жүргүзүлөт.

28-апрелде күч түзүмдөрү “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын имаратында тинтүү иштерин жүргүзгөн. Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, аталган копаниянын активдик каражаттарды мыйзамсыз сыртка чыгаруу фактысына байланыштуу кылмыш иши тергелүүдө.

Ушундан кийин “Кумтөр Голд Компанинин” эки вице-президенти Марк Бертон менен Лесли Лоунун өлкөдөн чыгып кеткени 29-апрелде белгилүү болду. Эми Башкы прокуратура аларды кайра чакыртканы жатат, эгер келбесе аларга эл аралык издөө жарыяларын эскертүүдө.(BkA/EBM)

XS
SM
MD
LG