Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:55

Токой чарба агенттиги “Центерра Голдду” экологиялык талаптарды аткарууга чакырды


Кумтөр кенин иштетүүдө “Центерра Голд” компаниясы айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мыйзамда жана келишимде көрсөтүлгөн талаптарды аткарбай жатат. Бул тууралуу Токой чарба жана айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин директору Абдыкалык Рустамов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, аталган агенттик 28-апрелде “Центерра Голддун” жана “Кумтөр Голд Компанинин” жетекчилигине расмий кат жөнөткөн.

Катта Кыргызстандын мыйзамдарында көрсөтүлгөн айлана-чөйрөнү коргоо боюнча жасалган иштер дал келбеген учурда уруксат документтери берилбей турганы эскертилген.

Рустамовдун маалыматы боюнча, “Центерра Голд” Кумтөр кениндеги рекультивациялоонун долбоорун, жаратылышка келтирилген зыян боюнча иликтөө жыйынтыгын жана алтын иштеткен соң калган калдыктарды башка жакка жылдыруу боюнча долбоорду бере элек. Бул маалыматтарды канадалык компания 20-майга чейин берүүгө милдеттеме алган.

“Буга байланыштуу “Центерра Голд” жана “Кумтөр Голд компанинин” жетекчилигине кат менен кайрылып, жогорудагы талаптар аткарылбаса, Токой чарба жана айлана-чөйрөнү коргоо агенттиги уруксат берүүчү документтерди бербей турганын эскерттик” деди Абдыкалык Рустамов.

Ошондой эле Токой чарба жана айлана-чөйрөнү коргоо агенттигини директору жогорудагы талаптар аткарылбаган шартта чара көрүү боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга кайрыларын да кошумчалады.(BkA)

XS
SM
MD
LG