Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:44

Баткен: жол кырсыктарынын саны өстү


Баткен.
Баткен.

Бул тууралуу облустук жол кайгуул кызматынын жетекчиси Мустапакул Назаров билдирди. Маалыматка ылайык, өткөн жылдын алгачкы үч айында Баткен облусу боюнча 47 жол кырсык катталса быйылкы жылдын үч айында 57 жол кырсыктары катталган. Анын кесепетинен 2015-жылы 14 киши каза тапса, быйыл 21 адам мерт кеткен. Балдар катышкан кырсыктар 15ке өскөн.

Жол кайгуул кызматынын жетекчиси жол кырсыктарынын өсүшүн облустагы автоунаалардын санынын көбөйүшү менен түшүндүрүүдө. Буга карабай Назаров жол кырсыктарын азайтуу боюнча ар кыл чаралар көрүлүп жатканын кошумчалады.(JsA)

XS
SM
MD
LG