Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:47

Анкарада теракт жасоого шектелген төрт киши кармалды


"Анадолу" агенттиги жекшембиде полиция Түркия баш калаасында төрт жихадчыны камакка алганын кабарлады. Полиция алар Анкарада 1-майдагы майрамдык иш-чаралар учурунда жардыруу уюштурууну мерчемдегенин билдирген. Кармалгандар Сирия жарандары экени айтылууда.

Анкарада 2015-жылдын 10-октябрындагы эки террордук чабуул 103 адамдын өмүрүн алган эле.

1-майда Түркия чыгышындагы Газиантеп шаарында полиция бөлүмүнүн алдындагы жардыруудан 2 полициячы мерт болуп, 23 киши жараланган. Жаракат алгандардын да 19у полиция кызматкерлери болуп чыкты.

Түркия коопсуздук кызматы бул чабуул "Ислам мамлекети" террордук тобу тарабынан жасалганын болжоп жатат. Газиантеп шаары Сириянын аталган террордук топ көзөмөлдөгөн аймагы менен чек аралаш.

XS
SM
MD
LG