Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:24

Одессада эки жыл мурдагы кандуу окуяны эскерүү өтчү жерде граната табылды


Одесса, 2-май, 2014-жыл
Одесса, 2-май, 2014-жыл

Одесса полициясы Куликов талаасы менен Кесиптик кошуундар үйүнүн жанындагы тоннелден үч граната табылганын кабарлады. Бул жерде бүгүн 2014-жылдын 2-майында 48 адамдын өмүрүн алган кандуу окуяларды эскерүү иш-чарасы өтмөк.

Одесса полициясынын башчысы Георгий Лордкипанидзе граната табылган жерди текшерүү үчүн полициянын 3 миңдей кызматкери тартылганын кабарлады. Кесиптик кошуундар үйүнүн алдына чогулган жүздөн ашуун адамга азырынча аянтка өтүүгө уруксат бериле элек.

Одессада эки жыл мурда ушул күнү орусиячылар менен Киевдин жаңы бийлигин жактоочулар кагылыша кетип, 48 адам мерт болгон. Жаатташкан жактар бири-бирине күйүүчү май куюлган бөтөлкөлөрдү ыргытып, Кесиптик кошуундар үйүндө өрт чыккан.

Бул окуяга тиешеси бардыгы шектелген Одессанын 20 чакты тургунунун соту дале аягына чыга элек.

XS
SM
MD
LG