Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:08

Керри: Сирия маселесинде тил табышууга жакындадык


АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри "Ислам мамлекети" террордук тобуна каршы күрөш жүргүзүп жаткан Орусия жана коалициядагы шериктештер менен сүйлөшүүлөр Сириядагы кырдаалды жөнгө салуу маселесинде түшүнүшүүгө жакындап калганын айтты. "Бул багытта биргеликте дагы аныкталган иштерди жасашыбыз зарыл", - деди Керри бүгүн Женевада Сауд Аравиянын тышкы иштер министри Адел ал-Жубейр менен жолугушар алдында.

Ал-Жубейр Алепподогу соңку зобун-зомбулукту айыптап, ал жерде гуманитардык мыйзамдар бузулганын белгиледи. Ошондой эле Алепподо жүздөгөн адамдын өмүрүн алган акыркы жумадагы аба соккулары үчүн Сирия президенти Башар Асаддын режимин айыптады. Саудия министри ошондой эле Сириядагы чатакты жөнгө салуу алкагында Асад кызматтан кетиши керектигин билдирди.

3-майда Сириядагы кырдаалды Москвада орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен БУУнун Сирия боюнча сүйлөшүүлөрдөгү атайын өкүлү Стэфан Мистура талкуулаганы жатат.

XS
SM
MD
LG